Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы›10-§. Г тамгасынын жазылышы
10-§. Г тамгасынын жазылышы
- Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай г тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
- Жоон үндүүлөр катышып жүргөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы түпчүл г (гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр, бугу, булгаары, гана, жоогазын, жыргал, кургак, шагыл.
- Ичке үндүүлөр катышып жүргөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, чегедек, эгин.
- Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ, галстук, гигиена, госпиталь, градус, агитатор, агроном, бригада.
- Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде, каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат. Бирок, жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок (айтылышы) – педагог (жазы- лышы) налок (айтылышы) – налог (жазылышы), диалок (айтылышы) – диалог (жазылышы), демагок (айтылышы) – демагог (жазылышы), залок (айтылышы) – залог (жазылышы).
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 10-§