КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы›11-§. Ж тамгасынын жазылышы

11-§. Ж тамгасынын жазылышы

Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж тыбышынын айтылышы бири-бирине туура келбесе да, бул эки тыбыш бир гана тамга аркылуу берилет: жашыл, желек, жигит, жолборс, жөнөкөй, жумшак,  жүн, жыгач, жандарм, жюри, пейзаж, мажбур, муктаж.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 11-§