КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы›12-§. К тамгасынын жазылышы

12-§. К тамгасынын жазылышы

Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.

  1. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн муундарда к тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет: кагаз, как, кайчы, кокту, кокустук, кургак, кызык, аксак, мокок, окуу, сактык, тамак, укук.
  2. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кедей, кекилик, кийим, кичинекей, көгүчкөн, күлкү, ичке, айыпкер, эшик.
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кадр, казарма, картон, климат, кодекс, курорт, край, лектор, полковник, тактика, факультет, хоккей, экспонат.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 12-§