Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы›13-§. Ф, Ч, Ц, Щ тамгаларынын жазылышы
13-§. Ф, Ч, Ц, Щ тамгаларынын жазылышы
- Алфавиттен орун алган ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат: фабрика, фамилия, ферма, фляга, цемент, цех, патефон, плащ, художник, цензура, футбол, химия, экскаваторщик, цирк, циркуль, щетка.
- Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат: Уф! Күндүн ысыгын карачы. Бөф! Жыты жаман экен. Фатима, Фарида (кишинин аттары)
- Кыргыз тилинде х тамгасы хан, пахта деген сөздөрдө, ха-ха, ах, бах, төх сыяктуу сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат.
- Араб, иран тилдеринен кирип, айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн рахмат, рахат, хурма, хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылы- шына жана жазылышына да жол берилет: ыракмат, ыракат, курма, курсант, куштар.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 13-§. 13. ф, х, ц, щ тамгаларынын жазылышы