Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›3. Йоттошкон Е, Ё, Ю, Я тамгаларынын жазылышы›14-§. Йоттошкон Е тамгасы
14-§. Йоттошкон Е тамгасы
- Үндүү и тыбышынан кийин йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген.
- Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет: Европа, Египет, евангелие, траектория, реестр, диета, иероглиф, клиентура, проект, уезд.
- Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен баштал- ган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл -а (-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий - киет, чий - чиет, кеңей - кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 14-§