Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›3. Йоттошкон Е, Ё, Ю, Я тамгаларынын жазылышы›15-§. Ё тамгасынын колдонулушу
15-§. Ё тамгасынын колдонулушу
- ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: боё, боёк, коён, оён. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бойок, койон, ойон түрүндө йо менен жазылбайт.
- Кой, сой, чой, той сыяктуу аягы -ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот, чойот, тойот болуп жазылбастан, ё тамгасы менен берилет сой - соёт, чой-чоёт, той-тоёт.
- Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат:
- сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт: ёлка, заём.
- бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолёт, самолёт, суфлёр, актёр
- ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат: Фёдор, шофёр.
- орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынын жазылышы учурайт: дирижёр, стажёр, зачёт, счёт, счётчик, щёлочь, щётка.
- төмөнкүдөй кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, район, майор, Нью-Йорк.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 15-§