КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›3. Йоттошкон Е, Ё, Ю, Я тамгаларынын жазылышы›16-§. Ю тамгасынын колдонулушу

16-§. Ю тамгасынын колдонулушу

  1. Уңгу сөздөрдө ю-й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
  2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет: кой+ым - коюм, кой+ың - коюң, той+ын - тоюн, сой+ыш - союш ж.б.
  3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы -йуу түрүндө жазылбастан: юу түрүндө жазылат: кой+уу - коюу, сой+уу - союу ж.б.
  4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, парашют, бюро.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 16-§