КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›3. Йоттошкон Е, Ё, Ю, Я тамгаларынын жазылышы›17-§. Я тамгасынын колдонулушу

17-§. Я тамгасынын колдонулушу

  1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк (айак), аянт(айант), баянда (байанда), даяр (дайар), уят (уйат).
  2. Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай+а+т - жаят, кый+а+быз - кыябыз (кыйабыз эмес), жый+ар - жыяр (жыйар эмес).
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, снаряд, идея, маяк.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 17-§