КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сөз түркүмдөрү›Сөз түркүмдөрү: синтаксистик принцип

Сөз түркүмдөрү: синтаксистик принцип

  1. Синтаксистик принцип. Бул принцип сөздөрдүн синтаксистик кызмат аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө, башкача айтканда, сүйлөмдө аткарган кызматына жараша сөз түркүмдөрүнө тактык, аныктык киргизет. Мисалы, зат атооч сөздөрдүн сөз айкашындагы, сүйлөмдөгү аткарган кызматтары этиш сөздөрдүн сөз айкашындагы жана сүйлөмдөгү аткарган кызматы менен дал келбейт. Кыскасы, бул принципте сөздөрдүн синтаксистик кызматы, башка сөздөр менен айкашуу мүмкүнчүлүгү, айкашкан сөздөрдүн өз ара  байланышуу жолдору (ээрчишүү, башкаруу, ыкташуу, таандык) жана сүйлөмдө алган орду көңүл чордонунда турган болот.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008

Негизги эреже: Сөз түркүмдөрү