Правила›Синтаксис›Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне
Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
Сүйлөмдүн жардамы менен биз пикир алышабыз, ой-сезимибизди билдиребиз. Сүйлөм болсо өз ара тизмектелген сөз айкаштарынан турат. Ошол сүйлөмдү түзүп турган сөздөр сүйлөм ичинде белгилүү бир суроого жооп берип, ар түрдүү синтаксистик милдет аткарышат.
Сүйлөм мүчөсүнүн милдетин толук мааниге ээ болгон сөздөр, же ажырагыс сөз тизмектери аткарышат. Ал эми кызматчы сөздөр толук маанилүү сөздөр менен коштолуп айтылганда гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат. Каратма, киринди, сырдык сөздөр сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара албайт.
Сүйлөм мүчөлөрү деп – сүйлөм тизмегиндеги сөздөрдүн кандайдыр бир суроого жооп берип, бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышын айтабыз.
Сүйлөм мүчөлөрү сүйлөм ичинде аткарган милдеттерине карай баш мүчөлөр (ээ, баяндооч) жана айкындооч мүчөлөр (аныктооч, толуктооч, бышыктооч) болуп эки топко бөлүнөт.
Источник: «Азыркы кыргыз тили. Синтаксис», 2010