Эрежелер›Синтаксис›Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне›Ээ деген эмне
Ээ деген эмне
Кандайдыр бир кыймыл-аракетти жасоо, аткаруу үчүн аны ишке ашыра турган нерсе, кубулуш, адам жана башкалар болууга тийиш. Мына ушул нерсенин, кубулуштун жана башканын атын ээ атап көрсөтөт. Демек, ал – сүйлөмдү түзүүчү негиздердин бири. Сүйлөмдө сөз болуп жаткан жак, зат, окуя, кубулушту билдирүүчү жана баяндоо аркылуу туюндурулган бардык белгилерди ишке ашыруучу баш мүчө ээ деп аталат.
Ээге төмөнкүдөй белгилер мүнөздүү:
Сүйлөмдө сөз болуп жаткан нерсенин атын билдирүү;
Атооч жөндөмөдө туруу, ким?, эмне?, кимдер?, эмнелер?, кимиси?, эмнеси? деген суроолорго жооп берүү.
Сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнүн бирөөнө да баш ийбөө, тескерисинче, аларды өзүнө багындыруу.
Сүйлөм ээсинин милдетин толук мааниси бар жеке бир сөз түркүмү да (алардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү), бир нече сөздөн түрмөктөлүп түзүлгөн ажырагыс тизмектер да, туруктуу сөз айкаштары да аткарат. Мына ушуга карата сүйлөм ээси грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана тутумда ээ болуп бөлүнөт.
- Сүйлөм тутумунда грамматикалык ээнин милдетин жөнөкөй сүздөр, же лексикалык бир гана мааниси бар татаал сөздөр аткарса, түзүлүү боюнча жөнөкөй ээ деп аталат.
Мисалы: Жакшылык бардык карама-каршылыкты жеңип, турмушту көркүнө чыгарат жана чечилбегенди чечип, түнттү жарык кылат. Ар күн сайын ичтен сызып, досунун кайгысын тарткан адам зарыл учурда досу үчүн жанын курмандыкка чалган адамдан артыкчылык кылат. Сары-Жаз, Ак-ыйрак, Ак-Сай, Арпа жана Суусамыр – кыргыз жергесиндеги атактуу жайлоолор. 1-2сүйлөмдөрдө жөнөкөй ээнин милдетин жөнөкөй зат атоочтор (жакшылык, адам), ал эми 3-сүйлөмдө татаал сөздөр (Сары-Жаз, АкШыйрак, Ак-Сай) жана географиялык жөнөкөй энчилүү аттар (Арпа, Суусамыр) аткарды. Бирок бул татаал сөздөрдө лексикалык бир гана маани (бир гана жайлоонун аты) бар.
Жыйынтыктап айтканда, толук маанилүү жөнөкөй сөз менен бир гана маанини билдирген көп түгөйлүү татаал сөздөрдүн сүйлөмдө аткарган синтаксистик милдети бирдей болуп эсептелет. Ошол себептүү аларды синтаксисте жөнөкөй түзүлүтөгү сүйлөм мүчөлөрү деп карайт.
- Ар башка сөз түркүмдөрүнүн ажырагыс тизмектери же фразеологизмдер ээнин милдетин аткарса, грамматикалык түзүлүшү боюнча тутумдаш ээ деп аталат.
Мисалы: Калп айтуу – өзүнчө бир кесепет. Ал өлүп бара жатса да, бир ооз калп айтып калат. (Ч.А.) Эл сыйлаган эшикте калбайт, ат сыйлаган жөө баспайт. Өтө жаман өзүн мактайт. Бардык эне-ата эле – тарбиячы, бирок кеп алардын түшүнүгүндө, кандай тарбиячы экендигинде. 1-2-сүйлөмдөрдө толук маанилүү сөздөрдүн ажырагыс тизмектери (калп айтуу, эл сыйлаган, ат сыйлаган) ээнин милдетин аткарып турат; калп, эл, ат – зат атоочтор; айтуу, сыйлаган – этиш сөздөр. 3-4-сүйлөмдөрдө ээлик милтетти толук маанилүү сөздөр менен кызматчы сөздөрдүн ажырагыс тизмектери (өтө жаман, эне-ата эле) аткарган: жаман – зат ордуна колдонулган сын атооч; өтө – күчөткүч бөлүкчө; эле – тактама бөлүкчө.
Ээлик милдетти аткаруучу ажырагыс тизмектер, андай тизмектерди уюштуруучу өзөктөр (таяныч сөздөр) ар түрдүү:
а) Мекеме, уюм, газета-журналдардын, китептердин, көчөлөрдүн кошмок аттары: И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети – кадрларды даярдоонун устаканасы. Бишкекте Жал кичирайону кийин курулду. Ч.Айтматовдун “Кыямат” романын окудум.
б) Ар башка жөндөмөлөрдөгү атооч сөздөр менен атоочтуктардын ажырагыс тизмеги: Ачуусу келип турганы мени абдан чочутту. (Жомок.) Ысыккөлдү көрүп жүргөндөр анын кышында тоңбой турганын лакап кылышат экен. Айылыбызга биринчи келген сизсиз, аке.
в) атооч сөздөр менен “бар”, “Жок” деген сөздөрдүн ажырагыс тизмектери: Кайгысы жок кара сууга семирет. (Макал.) Дасторконунда ашы бар кадырлуу болот.
г) Атооч сөздөр менен “көп”, “аз”, “ашык”, “мол”, “кем” деген тактоочтордун ажырагыс тизмектери: Эмгеги аз кадыр-баркка жетпейт. (Макал.) Түшүмү мол дарак экен.
д) Зат атооч менен сын атоочтун ажырагыс тизмеги: Каалгасы кулпулуусу – чоң кампа, анда совхоздун кызылы сакталат. Билеги жоон бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат. Бою узун балдар Улуттук Гвардияда кызмат өтөшөт.
е) Атооч сөздөр менен кызматчы сөздөрдүн жана көмөкчү этиштин ажырагыс тизмеги: - Кабар айттыргандардын бешөө эле келди, - деди чабарман. Сүйлөгөн сөзү, убадасы болсо баягы эле, али шертинен жаза элек. (С.Өмүрбаев.)
ж) Туруктуу сөз айкаштары (фразеологизмдер) тутумдаш түзүлүштөгү ээнин милдетин аткарат: Өпкөсү жок өзүн мактайт. Бир жакадан баш чыгаргандар эле бирдиктүү болушат.
Булагы: «Азыркы кыргыз тили. Синтаксис», 2010
Негизги эреже: Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне