КыргызчаРусский

Эрежелер›Синтаксис›Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне›Бышыктооч деген эмне

Бышыктооч деген эмне

Баяндоочтун тобуна таандык болуп айтылган айкындооч мүчөлөрдүн дагы бири – бышыктооч. Ал кыймыл-аракеттин түрдүү белгисин (сыпатын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, максатын) билдирет. Мисалы: Биз ошол жылы (качан?) абдан жакшы (кандай?) түшүм алдык. Ыраактан (кайдан?) шаркыратманын үнү угулат. Ажар корккондуктан (эмне үчүн?) кадамын тез-тез шилтейт.

Бышыктооч да түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана тутумдаш болот. Мисалы: Жазында (жөнөкөй бышыктооч) дыйкандар эгин эгишет. Ажар акырын (жөнөкөй бышыктооч) сүйлөдү. Герасим оор жумушту кабагым кашым дебей (тутумда бышыктооч) аткарат. Биздин жоокерлер баатырдык менен кармашты.(тутумдаш бышыктооч)

Бышыктооч өзүнүн багындыруучу түгөйү менен ыкташуу же башкаруу жолу аркылуу байланышат да, кандай? кайда? кайдан? качан? эмне үчүн? эмнеликтен? канча? деген суроолорго жооп берет.

Бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат: Зат атооч: Мени Москвага окууга жиберишти.

Сын атооч: Күн жылуу болуп турат.

Сан атооч: Орток айдаган эгинди өнөгүңдөн ашык алба.

Тактооч: Быйыл түшүм начар.

Чакчыл: Алысты ойлуу тиктеп, Сейит көпкө кыймылсыз отурду.

Бышыктоочтун түрлөрү: Берген маанилери боюнча бышыктоочтун төмөнкүдөй түрлөрү бар:

Сыпат бышыктооч кантип? кандайча? кандай? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Күчүк аянычтуу кыңшылады.

Орун бышыктооч кайда? кайдан? каякта? каяктан? каерде? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кыргызстанда кооз жерлер өтө көп.

Мезгил бышыктооч качан? качанга чейин? качантан бери? кайсы убакта? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кечээтен бери күндүн көзү ачылбады.

Себеп бышыктооч эмне үчүн? эмне себептен? эмнеликтен? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Корккондуктан оозуна сөз келбеди.

Максат бышыктооч эмне үчүн? эмне максатта? эмнеге? кандай максатта? эмне кылууга? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Жаңы ачылыштарды табуу үчүн зор эмгек жасаган.

Сан-өлчөм бышыктооч канча? нече? канчанчы? неченчи? нече жолу? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Жылдын бешинчи айы майрамдарга бай.

Булагы: «Азыркы кыргыз тили. Синтаксис», 2010

Негизги эреже: Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне